7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коррупция менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары талкууланды

15

Бүгүн Юридикалык академияда коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана башкаруу маселелерине арналган жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокуратуранын жетекчилиги, ошондой эле эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Transparency International уюму менен кызматташуунун алкагында жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктерди системдүү аныктоо жана азайтуу, нормативдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү, ошондой эле тобокелдикке негизделген ыкмаларды мамлекеттик башкаруу практикасына киргизүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура коррупцияга каршы аракеттенүүнүн 2025-2030-жылдарга карата Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында алдын алуучу жана тобокелдикке багытталган механизмдерди өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайт жана бул багытта ырааттуу иштерди жүргүзөт.

16