Борбор калаанын транспортуна өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн, кош бойлуу аялдардан акча албай, бекер ташыган № 113 кичиавтобустук каттамдын айдоочусу Сереков Ишен Бекмурзаевич Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин энчилүү сааты менен сыйланды. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти.
Ошондой эле Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү депертаментинин, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” МИнын, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” МИнын жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” МИнын кызматкерлери сыйланышты.
Сыйлыктарды Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев тапшырып, сыйлангандардын ар биринин сиңирген эмгегин баса белгилеп, ошондой эле ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, ийгилик жана тынчтык каалады.