7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте курулчу стадиондун долбоору көрсөтүлдү (ФОТО)

511

Бишкекте курулчу стадионду долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын башчысы билдирди.

«Ыйык Орозо айы менен жалпыңыздарды куттуктайм. Бул жакшы күндөрү, сиздерге кубанычтуу маалымат менен бөлүшкүм келип турат. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич өз көзөмөлүнө алды. Муну менен, өлкө башчыбыз элибизди сергек жашоого шыктандырып, таланттуу спортчуларга шарттарды түзүп жатат. Буюрса бул стадиондон Кыргызстандын желегин көтөрүп, намысын талашкан далай азамат уул-кыздарыбыз чыгат деген ишеним чоң! Курулуш иштери башталды. Дени сак улут – өнүккөн өлкө!»,- деди Туманбаев.

512