7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте курулуш компаниясына айып пул салынды

422

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта Бишкек шаары, Мичурин көчөсү 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайда мыйзам бузуулар аныкталып, «Стальмонтаж плюс» ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдеринин, коопсуздук эрежелердин жана мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы үчүн укук бузуу кодексине ылайык протокол түзүлүп, 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди.

Башкармалык белгиленген мөөнөттө эскертүү аткарылбаса, мыйзамга ылайык кошумча административдик чаралар көрүлөрүн эскертет.

423