Бишкек шаарында, Улуттук тарых музейде, «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган Кыргыз-Кытай достугу» аталышындагы,
Кыргыз-Кытай достугуна, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Кытайдын, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз Автономдуу облусунун 70 жылдыгына, КараКыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым,
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, окумуштуулар, журналисттер, бир катар белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер менен
маданий кызматкерлер жана жаштар катышты. Иш-чаранын башталышында С.Касмамбетов менен КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, жыйынга катышып
жаткандарды удаалаш келген кош майрамдар менен куттуктап, эки өлкөнүн 2000 жылдан ашуун тарыхы бар достугу жана кылымдарды карыткан кызматташтыгы тууралуу кеңири
сөз сүйлөштү.
Кыргыз-Кытай ортосундагы гуманитардык, инвестициялык жана маданий багыттагы кызматташтыктардын жыл сайын өнүгүп жаткандыгын, келечекке багытталган,
өнүгүүгө өбөлгө түзгөн өнөктөштүктөрдүн, доорлорду карыткан достук мамилелердин сапары байсалдуу, түбөлүгү түз экенин баса белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандык жана кытайлык өнөрпоздор өнөр тартуулашты.
Достукка жана майрамдарга карата атайын даярдалган роликтер көрсөтүлдү. Манас айтылып, акындар төгүп, күүлөр чертилип, баяндама жасалып, эки өлкөнүн майрамдарыма жана достукка арналган кыргыз-кытай тилиндеги белгилүү чыгармалар жаңырды.
Достукту даңазалаган иш-чара, “Этностан” маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулунун “Миң жылдар мурастаган Кыргыз-Кытай достугу, мындан ары
дагы улуу сапарын улай берсин. Түмөн жашап, түбөлүктүү болсун!” – деген каалоо сөзү менен жыйынтыкталды.
«Этностан» маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты маданий-гуманитардык
байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу.