7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыргыз-кытай инвестициялык форуму өтүүдө

187

Бүгүн, 28-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Кыргызстан — Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол» аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат.  Ири иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда.

Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Ошондой эле санариптештирүү жана алдыңкы «жашыл» технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чаранын алкагында кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин ортосунда эки тараптуу B2B жолугушуулар өтүп, анда келечектүү долбоорлор сунушталып, өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жолдору талкууланат.

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюу пландалууда.

188