Анда электр энергиясын керектөө лимити боюнча иш-чаралардын планы, калкка көмүр даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай компенсация төлөө ишинин жүрүшү, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, атап айтканда, “ЖЭБ”дагы жана «Бишкекжылуулукэнерго» КИнин отканаларындагы электр чыпкаларын оңдоо тууралуу талкуу болгон.
Бишкекте биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы астында жылуулук берүү мезгилине даярдык боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Бишкек шаарынын төрт районунун акими, шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери кышка даярдык боюнча маалымат берди.
Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга жылуулук мезгилине карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле «Түндүк электр» жана акимияттарга электр энергиянсын керектөө боюнча бекитилген лимиттердин сакталышына чара көрүү, “ЖЭБ” менен «Бишкекжылуулукэнерго»ишканасынын от казандарынан атмосферага чыккан зыяндуу заттарды кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.