Сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Милицияга Бишкектеги Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген белгисиз аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ал интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30% өлчөмүндө акча алып жүргөн.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1982-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катышы бар-жогу текшерилүүдө.