Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качкан шектүүлөр кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришти.
Окуя 14-декабрда болгон. Жабырлануучу кыз милицияга кайрылып, Айтматов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде аны унаага күч колдонуп отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткендерге чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Чүй облусунун аймагынан 1999-жылы туулган 4 жигит кармалган.
Учурда тергөө уланууда.