Бүгүн Бишкектеги Дөөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында “Мектеп лигасынын” 2021-2022-сезонунун финалдык мелдештери башталды. Финалдык беттеш эркектер жана кыздардын ортосундагы футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өтөт. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министирлиги билдирди.
Аталган иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Токио Олимпиадасынын кумуш байгесинин ээси Акжол Махмудов, жана “Мектеп лигасы” федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Волейбол боюнча оюндар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, футбол боюнча беттештер Шералы Сыдыков атындагы спорттук коледжде жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол аянтчасында, баскелбол боюнча беттештер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорттук аянтчасында жана Кыргыз мамлекттик дене тарбия жана спорт академиясында өтөт.
Эске салсак, “Мектеп лигасы” 2021-жылдын 28-октябрында өз ишин баштаган. Финал 3-июнда жыйынтыкталып, расмий түрдө жабылуу аземи өтөт.