7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген кишини сабап салган милиционер кармалды

170

Ленин РИИБ кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык күч колдонуу фактысы катталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери «майда бейбаштык» боюнча шектелген КР жараны Л.Т.Д.ны №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришип, өздөрүнүн күчүн жана бийлигин көрсөтүү максатында, эч кандай негизсиз кармалган жаранды сабап салышкан.

Алган жаракаттарына байланыштуу Л.Д.Т. тез жардам бригадасы тарабынан Улуттук госпиталга жеткирилип, стационардык дарылоо дайындалган.
Эксперттик корутундуга ылайык, жабырлануучу: баш мээнин чайкалышы менен коштолгон жабык баш мээ жаракаты, эки омуртканын туурасынан кеткен өсүндүлөрүнүн сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү.

2026-жылы 21-февралда милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

171