7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мечиттен 340 миң сом уурдалды

689

Бишкекте мечиттердин биринде 340 миң сом уурдалды. Бул тууралуу жабырлануучу 7-каналга билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, окуя 30-сентябрда саат 19:00 чамасында Аламүдүн базарындагы мечитте Шам намазы учурунда орун алган.

«Сумканы кире бериштеги текчеге коюп, төр жакка өтүп кеткем. Намаз окуп келип эле таппай калдым. Ичинде паспорт, банктык эсеп карталарым жана 340 миң сом акча бар болчу. Эки жыл чогулткан акчам болчу, унаа сатып алганы баратып, намаз маалы кирип калгандыктан мечитке киргем», — дейт ал.

Жабырлануучу ошол замат милицияга кайрылган. Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери келип, видео көзөмөлгө тартылган материалдарды алып кетишкен.

Ал бир айдан ашуун убакыт өтсө да кылмышкер табылбай жатканын, милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташканын, бирок өзү табылбай жатканын билдиргенин кошумчалады.

Шектүү тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (701) 99-99-14, 0 (755) 44-44-77, 0 (312) 43-32-75 же 102.

690