7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мэрдин жаңы жылдык балатысына 1100 бала катышты (ФОТО)

559

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

«Кышкы эс алууңар жакшы өтөт деп үмүттөнөм. Бул күндөрдү жакшы маанайда өткөрүп, позитивдүү энергия алып, жаңы күч менен окууну баштооңуздар үчүн Бишкек шаарында тиешелүү шарттар түзүлдү», — деп кошумчалады мэр.

Балдарга «Щелкунчик» музыкалык жомогу көрсөтүлдү. Иш-чарага 1100 бала, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетим, турмуштук оор кырдаалда калган балдар, ден соолугуна байланыштуу үйдө окуган балдар, мектеп отличниктери, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Концерттин аягында бардык балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

560