7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте милиционер 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

826

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте шаарынан, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды. Андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827