7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мурдагы мугалим алдамчылыкка шектелип кармалды

559

Мурда мугалим болуп иштеген жаран унааларга байланышкан алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, август айында Ленин РИИБине шаар тургуну кайрылып, унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Июль айынын орто ченинде белгилүү бир «унаа баалоочу» ага кайрылып, ишенимине кирип, алдамчылык менен 20 миң долларлык «Киа Спортейдж» унаасын ээлеп алган. Бирок ал унааны үчүнчү жактарга (16 миң долларга) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча 209-берене «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин биринде мурда окутуучу, мугалим болуп иштеген Б.Б. кармалды. Соттун чечими менен кармалган адамга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560