7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Музейдеги түн» өтөт

477

Бишкекте 18-майда «Музейдеги түн» иш-чарасы өтөт. Саат 17:00дөн 22:00гө чейин Бишкектеги музейлердин эшиги борбор калаанын бардык тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.

Келүүчүлөргө көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу экскурсиялар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо, шуру токуу, токуу боюнча мастер-класстар өтүп, поэзия кечеси уюштурулат.

Шаар тургундары жана коноктору төмөнкү музейлерде бара алат:

— Ольга Мануилованын мемориалдык музей-үйү. Тыныстанов көчөсү, 108, телефон: 66 11 74;
— Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, Чуйков көчөсү, 87а, телефон: 30 33 64;
— Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи. Токтогул көчөсү, 109, телефон: 62 38 30;
— Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы. Токтогул көчөсү, 170, телефон: 88 46 11;
— Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй- музейи. Чуйков көчөсү, 109, телефон: 30 03 57;
— Гапар Айтиевдин музей-өнөрканасы. Тыныстанов көчөсү, 78, телефон 62 31 66.

478