7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

373

УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

«Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан.

Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган.

Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О.Б. аттуу КРнын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

374