7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев алдамчылыкка шектелип кармалды

824

УКМК “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди кармады.

Ал өзгөчө ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан деп шектелүүдө. Атайын кызмат “Беш-Сары” базарындагы соода борбордун администрациясы көп жылдан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келгенин аныктаган.

Салыктык отчеттордо киреше аз көрсөтүлүп, салык органдарына жалган маалымат берилип келгендиги айтылды. Ошондой эле келишимдерде төмөндөтүлгөн сумма жазылса, чындыгында баалар бир нече эсе жогору болгонун да билдиришти.

Жолдошбаев 21-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал коомчулукка “маршруткада жүргөн депутаттардан уялам” деген сөзү менен эсте калган.

825