Бүгүн Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолукту.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен Штефан Таркович Улуттук курама команданын 2026-жылы өтчү Дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашты.