7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Массалык башаламандыкка» шек саналган жаран Россиядан алып келинди

475

Соцтармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир соцтармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Анын негизинде тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында бул материалдарда массалык баш аламандыкка, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бузуучу чакырыктар камтылганы аныкталган.

Кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын декабрь айында 1980-жылы туулган Б.К. аттуу жаран, чет өлкөдө жашынып жүрүп, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ал 2020-жылдын февралында чет өлкөгө чыгып, Россиянын аймагында жүргөн. Ошондой эле алимент төлөөдөн кыянаттык менен качкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөндүгү тууралуу да далилдер бар.

Аталган жарандын жүргөн жери аныкталып, ал Москва облусунун аймагында жашырынып жүргөн. Учурда Бишкек шаарына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

476