7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз тамеки жана ичимдик табылды

213

Бишкекте мыйзамсыз акциздик товар жүгүртүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салыкчылар тиешелүү акциздик маркалары жок, жалпы суммасы 522 миң сомдон ашкан акциздик товарларды аныкташты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 110 литр спирт, 3500 куту тамеки, акциздик маркасы жок никотин камтылган 27 таңгак чайналуучу тамеки сагызы, ошондой эле күмөндүү акциздик маркасы бар 41 бөтөлкө алкоголдук продукция табылган.

Аталган продукцияны сактоо жана андан ары сатуу ишин чет өлкөлүк жаран жүргүзүп келгени аныкталды.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

214