7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте окуучуга карата орой мамиле жасаган мугалимдин ишине комиссия түзүлдү

283

Бишкектеги №18 кесиптик лицейде окуучуга карата орой мамиле жасаган мугалимдин аракетине иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган лицейдин мугалими А.А. тарабынан окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасалып, физикалык күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Маалым болгондой, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилет, ошондой эле зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт.

«Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат билдирүүдө.

284