7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу тыюу салынды

311

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизди. Аталган эреже жол коопсуздугун камсыздоо, жолдордун сапатын сактоо жана пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Убактылуу чектөө төмөнкү унааларга жайылтылбайт:

  • гуманитардык жардамды жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыган унаалар;
  • Жол курууга жана оңдоого тартылган унаалар;
  • Муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыган унаалар.

Белгилей кетсек, ысык аба ырайында каттаган оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузган фактылары көбөйгөн.

Ошондой эле, шаар тургундары мындай унаалардын түнкүсүн гана жүрүүсүнө уруксат берүү боюнча кайрылышкан.

Аталган маселе өзгөчө көзөмөлгө алынды.

312