7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте президенттик балаты өтөт

749

Бүгүн, 28-декабрда, президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Жаңы жылдык концерттик театралдаштырылган программа УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Көрсөтүүнүн башталышы – саат 10:55.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750