Кечээ, 27-декабрда ырчы Адилет Азимовдун жубайы көз жарды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирип, кубанычы менен тең бөлүштү.
“27-декабрь саат 10:00дө кыздуу болдук. Сүйүнүчүм ичиме батпай, бөлүшүп жатам. Кызыбыздын өмүрү узун болсун. Бактылуу балалык каалайм”,— деп жазды ырчы мырза.