7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Россияга кетчүлөргө жасалма документ жасап саткан жаран кармалды

257

Бишкекте Россияга баруу үчүн жасалма документ жасап саткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын кызматкерлери РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар Россия Федерациясынын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон фактыларды аныктап, ал боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө жана
тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны, Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, «Беш-Сары» соода борборунда жайгашкан «Тумар» жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, кандайдыр-бир документтерди сунуштап, РФге учууга жардам бере тургандыгын айткан. Материал Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМге Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46 050 сомго Бишкек − Москва каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген. Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы шектүү Ж.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгү-0312 35-12-70, 0701 35-12-70, уюлдук телефон-0708 00-36-19.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258