7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 43кө жетти

579

Бишкек шаарындагы тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Расмий маалыматка караганда, жалпысынан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылып, 23ү ооруканага жаткырылган, экөөсү балдар.
Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жыйырма адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Тез татым түйүндөрүнө аныкталган эреже бузуулар үчүн 72 миң сом айып пул салынып, алар жоюлганга чейин жабылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580