7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өспүрүм көз жумган кырсык боюнча 17 жаштагы бала кармалды

139

Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы жашы жете элек жаран жол кырсыгына кабылып, 4 адамды сүзүп, бир бала каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 18-октябрда саат 21:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 17 жаштагы бала башкарып келе жаткан Toyota Camry унаасы менен Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен Camry тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Натыйжада 13 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Toyota Camry унаасын башкарган 17 жаштагы өспүрүм убактылуу кармоочу жайга камалды. Унаалар айып короосуна киргизилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милициядан белгилешкендей, жол кырсыгы айдоочулук күбөлүгү жок туруп, унаа башкарган өспүрүмдүн айынан келип чыккан.

Мындан улам милиция ата-энелерге кайрылып, балдарын көзөмөлдөөнү жана жашы жете электерге транспорт каражаттарын башкарууну өткөрүп бербөө керектигин эскертти.

140