7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте спорт журналисттеринин эл аралык форуму өттү

175

Бүгүн Бишкекте спорт журналисттеринин эл аралык форуму өттү. Иш-чара Кыргызстандын спорт журналисттери федерациясынын 30 жылдыгына арналган.

Форумга жергиликтүү жана чет өлкөлүк спорт журналисттери, блогерлер, спорт уюмдарынын өкүлдөрү жана Азия спорт журналисттери ассоциациясынын жетекчилери катышууда. Жыйында спорт журналистикасынын көйгөйлөрү, жетишкендиктери жана келечеги талкууланып, чет элдик белгилүү баяндамачылар өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чаранын алкагында ардагер спорт кабарчысы Кабыл Макешовго Улуттук Олимпиада комитетинин “Алтын ордени”, ошондой эле Журналисттер союзунун “Мыкты журналист” төш белгиси ыйгарылды. Мындан сырткары бир катар спорт кабарчыларга мамлекеттик агенттиктин жана федерациянын сыйлыктары тапшырылды.

Форумду утурлай кыргыз, орус жана англис тилдеринде атайын журнал жарык көрдү. Анда кыргыз спорт журналистикасынын тарыхы жана тажрыйбалары камтылган.

Белгилей кетсек. Кыргызстандын Спорт журналисттери федерациясы 1995-жылы негизделген. Учурда аны меценат Улукбек Салымбеков жетектейт, ал эми уюмдун мүчөлөрүнүн саны 40тан ашкан. Федерация эл аралык спорт журналисттер ассоциациясына мүчө болуп, кыргыз журналисттеринин тажрыйба топтоосуна шарт түзүп келет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

176