7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Татарстандын кино тасмалары акысыз көрсөтүлөт

365

Дүйнө таанымыңызды байытып, кызыктуу кеч өткөрүүнү кааласаңыз Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү башталат. Бул туурасында “Кыргызтасмасы” билдирет.

8–10-август күндөрү Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна заманбап татар тасмалары сунушталып, көрүүчүлөр Татарстан элинин турмушу, каада-салты, ички дүйнөсү жана чыгармачылык потенциалы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 8-августта саат 18:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Бардык кинокөрсөтүүлөр Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында саат 18:00дө башталат.

Кирүү акысыз.

366