7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

272

Милициянын кайгуул кызматына 24-ноябрда болжол менен саат 18:23 чамасында Рыскулов жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Кайгуулчуларга 1987-жылы туулган П.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, саат 18:10 чамасында белгисиз жаран аны уруп, 11 500 сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул ишке шектелген адам Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде качып бара жатканда кармалды. Шектүү 1969-жылы туулган М.Т. экени такталып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда тоноо беренеси менен тергөө иштери уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

273