Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгы кыймылдуу курамдагы отургучтарды жаңылады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошондой эле башкармалыктын адистери эски отургучтарды оңдоп, отургучтардын сыртын кир көтөрүмдүү кездеме менен каптап чыгышты. Орундуктун жапкычтарын кеңседе иштеген тигүүчү даярдаган.
Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 135-140 троллейбус каттамга чыгат.