Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоодон болжол менен үйдүн чатырынын 200 чарчы метри күйгөн.
Ведомстводон кошумча маалымат берилерин билдиришти.
ЖМКлар экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үйүнөн өрт чыкканын жана чатырынын болжол менен 200 чарчы метри күйгөндүгүн жазып чыгышты.