7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уйку бербеген чет элдик алты жаран кармалды

860

Бишкекте майда бейбаштык беренеси менен чет элдик алты жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда,  17-октябрда саат 01:10 чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда чет элдик жарандардын тобу коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, ошону менен жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жеринде милиция кызматкерлери тарабынан факты тастыкталып, чет мамлекеттин жарандары 1993-жылы туулган Ш.В., 1986-жылы туулган А.З., 1993-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.Ф., 1995-жылы туулган П.Н., 2001-жылы туулган Н.А., 1974-жылы туулган М.Н., 2000-жылы туулган М.Б., 1998-жылы туулган Н.А. райондук башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн»,- деп берилет маалыматта. 

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 6 чет элдик жаранга Бишкек ШИИББнын атайын убактылуу кармоочу жайына үч суткага камакка алуу чечими чыгарылып, алардын экөөсүнө 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган Н.А. жана 1996-жылы туулган К.Ф. борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери экендиги аныкталган. Буга байланыштуу Бишкек ШИИББнын ЭММКАК кызматкерлери тарабынан окуудан чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861