Бүгүн Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» жаңы конушунда 100 орунга эсептелген «Мекендин келечеги» бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери менен аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Мындан тышкары, ал УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.
Учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.