Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап, накталай эмес ыкмасы киргизилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот.
Төлөнгөн каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшүп, бул аркылуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзүлөт.
QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тартиби
- Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңыздагы QR-кодго багыттаңыз.
- QR-кодду скандагандан кийин GDTI.KG сайтына өтөсүз.
- Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.
- Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.
Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот.
Айып пулдар жана жеңилдиктер
- Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.
- Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.
Учурда QR-код системасы төмөнкү көчөлөрдүн аралыктарында иштеп жатат:
- Орозбеков көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);
- Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин);
- Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрү.
Жакынкы аралыкта накталай эмес төлөм толугу менен ишке киргизилип, борбордун дагы башка көчөлөрүнө этап-этабы менен жайылтылат.



