Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Кыргыз Улуттук университеттин 3-кабатындагы айнектен белгисиз жаран секиргени аракет кылган. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 9-август күнү саат 22:40 чамасында болгон.
Жерине барган милиция аталган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Ал милицияга баш ийбей, көчө жакка чуркап чыгып, ары-бери чуркап, андан кийин өзүн жаман сезип каза болуп калган.
Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.