Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Анын айтымында, 16-декабрда милиция кызматына Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 33 жаштагы жаран бычактан жаракат алып түшкөнү боюнча билдирүү түшкөн.
Окуя Рылеев көчөсүндө катталган. Кылмышка шектүү 41 жаштагы А.И. аттуу жаран бир тууган иниси менен уруша кетип, көкүрөк тушуна бир нече ирет бычак сайган. Андан соң ал инисин ооруканага өзү алып барган. Бирок жабырлануучу өзүнө келбей жолдо көз жумган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы А.И. кармалган. Ленин райондук соту аны эки айга СИЗО-1ге камады.