Бишкекте темир тосмолорду жана люктарды уурдаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, уурулук фактысы 28-ноябрда түнкү саат 03:30да катталган. Анда Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар 10 даана темир тосмо жана люктарды алып, белгисиз тарапка кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, өндүрүш иши башталган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Д.С., 1990-жылы туулган Ч.А. жана 1991-жылы туулган М.Р. кармалды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда.