7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уурулукка шектелип 45 жаштагы жаран кармалды

783

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-январда А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда болжол менен саат 17:00дө Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран автоунаанын ичиндеги баштыкчадан болжол менен 641 даана май куюучу талондорду, банктын карталарын, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк жана паспортту алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (“Уурулук”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштердин жүрүшүндө шектүү катары 45 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ага карата эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгаруу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси барбы жокпу териштирилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784