Абу-Дабиде өткөн ММА боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулар эки коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу өлкөнүн ММА федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бектур Асылбеков 83,9 килограмм салмак категориясында коло утса, Рамазан Рагимов колону 61,2 килограмм салмак категориясында алган.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 22-январдан 29-январга чейин болуп, ага 60тан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан.
