7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уурулукка шектелип «Данчик» аттуу каймана аты бар жаран кармалды

660

 

Бишкек шаарында уурулукка шектелип , «Данчик» аттуу каймана аты бар жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү Октябрь РИИБине М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда 25-февраль күнү болжол менен саат 22:00до шаардагы мейманкалардын биринен жашыруун түрдө Айфон-11 үлгүсүндөгү телефонун жана банк картасы менен 30 миң сомун белгисиз адамдар уурдап кеткенин жазган. Жалпы келтирилген чыгымдын баасы 130 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 200-берене «уурулук» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат, «Данчик» аттуу каймана аты бар. Учурда кармалган жарандын жасаган кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

661