7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте вебкам-студиялардын тармагын уюштурган топ кармалды

273

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи менен биргеликте интернет аркылуу (вебкам-студиялар) сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган жана ага көмөктөшкөн КР жарандары кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар кылмыштуу топтун курамында иш алып барып, Бишкек шаарында жана Казакстан Республикасында вебкам-студиялар тармагын уюштуруп, алардын ишин камсыздап турушкан.

Тергөөдө уюшкан топтун мүчөлөрү мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып, жашыруун иш жүргүзүшкөнү аныкталган.

Кармалгандардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик техника, эротикалык костюмдар жана сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган башка буюмдар табылып, алынган.

Мындан тышкары, аталган топ “Chaturbate”, “Stripchat” жана “BongaCams” сыяктуу интернет-платформалар аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, алынган мыйзамсыз кирешелерди “Binance” крипто-капчыктарына которуп турганы белгилүү болду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.

274