7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аялды милиция кызматкерлери сактап калды

616

Бишкек шаарында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жаранды сактап калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 19-август күнү саат 22:14тө Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан аял секиргени жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Медер Усманов, Базарбай уулу Нуржигит жана Тынчтык Эрназаров барышкан.

Алар жогорудагы жарандын өзүн-өзү өлтүрүү аракетин алдын алышкан. Куткарылган аял Бишкек шаарынын тургуну 1991-жылы туулган К.Г. экени аныкталган.

 

617