7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы мурал пайда болду

478

Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болотбек Шамшиев тарткан, башкы ролду КР Эл артисти, режиссердун жубайы Айтурган Темирова ойногон  “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын муралы түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын каптал бөлүгүнө «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» компаниясынын  демилгеси менен «KyzArt» чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тартышкан.

Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Биринчи май районунун акимиаты жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн.

479