Борбор калаанын Ленин районунун мектеп жана бала бакчалары 2023-2024-окуу жылына карата даярдыктар улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти
Учурда билим берүү мекемелеринде куруучулар жылытуу системасынын түтүктөрүн, терезелерди, радиаторлорду алмаштырып, коридорлорду, чечинүүчү бөлмөлөрдү жана санитардык түйүндөрүн оңдоп жатышат.