7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сейитов: Быйыл инфляция тышкы факторлорго байланыштуу кайра каралат

392

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов инфляцияга тышкы факторлор күчтүү таасир берип жатканын билдирди. Анын айтымында, жеткирүү логистикасы, дүйнөлүк баалар жана өнөктөш өлкөлөрдөгү түшүм инфляцияга таасир этүүдө.
Ички факторлор туруктуураак болгону менен, алар айдоо аянттарына жана аба ырайына көз каранды.

Учурда инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч 5,7%, бирок тышкы шарттар өзгөргөндүктөн жыл жыйынтыгы кайра бааланышы мүмкүн. Өткөн жылы инфляция 9%дан жогору болгон.

Ошондой эле негизги капиталга инвестициялар 18–20% өсөт деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, мейманкана жана ресторан секторундагы фискалдаштыруу пилоту ийгиликтүү болуп, салык жыйымдары өскөн. Долбоорду сауна жана мончо комплекстерине да жайылтуу пландалууда.

393