Бүгүн, 19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
 - Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
 - Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот.
 - Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус болот.
 




