7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жабырлануучуну 36 млн сомго алдап кеткен эки аял кармалды

229

Бишкекте жабырлануучуну 36 млн сомго алдап кеткен эки аял кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Т.А. аттуу жаран чала тааныш «Ч.» жана «Н.» аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Анда, 2025-жылдын 18-ноябрынан 2-декабрына чейинки аралыкта Бишкек шаарындагы К. Датка көчөсүндө жайгашкан соода-борборлорунун биринде, ишенимге кирип, алдоо жолу менен жалпы 36 млн сом түзгөн зер буюмдарды алышкан. Кийинчерээк зер буюмдарды арзан баада скупкага өткөрүп, акча каражаттарын белгиленген мөөнөттө кайтарып бербестен, изин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган Ш.Ч., жана 1988-жылы туулган С.Н., аттуу жарандар аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты.

 

230