7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаран эки килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

226

Бишкектин Свердлов районунда өзгөчө көп өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал KIA Picanto үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда токтотулган. Текшерүүдө анын жанынан 2 килограмм 14 грамм баңгизат табылган.

Алдын ала соттук-медициналык химиялык анализге ылайык, зат баңгизат — кара куурай (марихуана) болуп саналат.

Кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

227